Жанар Акаев: Дагы башка көз карандысыз басылмаларды жабуу коркунучу бар

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү долбоору бир жуманын ичинде парламенттин тиешелүү комитетине жөнөтүлөт. Бул тууралуү сөз эркиндигинин абалы талкууланган жыйында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор бийликтин каалаган сайтты жаап салуу аракетин татаалдаштырат.

«Бул мыйзам долбоорун кабыл албасак, азыркы тенденция абдан кооптуу. Эл аралык ири медиа болгон «Азаттыктын» ишмердүүлүгүн токтотуу аракеттери болуп жаткандан кийин башка көз карандысыз басылмаларды жабуу коркунучу дагы турат. Мыйзам ушуга жол берет. «Бир кат менен жаап коебуз» деген өнөкөт пайда болушу мүмкүн. Мурда кайсыл бир журналисттин же блогердин суракка чакыртылышы резонанс жаратса, азыр кадыресе көрүнүш катары кабыл алына баштады», — деди Акаев.