Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда, Бишкекке жакын жайгашкан 73809 аскер бөлүгүн пландан тышкары текшерип келди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчысы аскер кызматчыларынын кызмат өтөө шарттары жана абалы менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашып, аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча муктаждыктарына кызыкты.
Президент бир катар тапшырмаларды жетекчилерге берди.