Жеңишбек Жоробеков: Милициянын аймактык тескѳѳчүлѳрү-жаштарга үлгү болушу керек

2023-жылдын 19-январь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков Чоң-Алай жана Алай райондук ички иштер бѳлүмдѳрүнүн ѳздүк курамы менен жолукту. Жеңишбек Жоробеков Ош ОИИБдин начальниги болуп дайындалгандан бери алгачкы иш сапарын алыскы Чоң-Алай жана Алай райондук ички иштер бѳлүмдѳрү менен таанышуудан баштады.


Чоң-Алай райондук ички иштер бѳлүмү Ош шаарынан 290 чакырым алыстыкта жайгашкан. Шарты катаал бул аймакта коомдук коопсуздукту камсыздап жатышкан Чоң-Алай райондук ички иштер бѳлүмүнѳ барган кезде термометрдин шкаласы -31 градусту кѳрсѳтүп жатты.
Аталган бѳлүмдүн ѳздүк курамы башкармалыктын башчысын сапка тизилип салтанаттуу тосуп алды.


Ош ОИИБдин начальниги Жеңишбек Жоробеков ѳздүк курам менен саламдашып, ал-акыбалын сурап, кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн түзүлгѳн шарттар менен таанышты. Ѳзү менен кошо ала келген кызматтык кышкы кийимдерди тапшырды. Шарты катаал жана чек ара аймагында коомдук тартипти, коопсуздукту камсыздашып жаткан мындагы кызматкерлерге ар тараптуу шарттарды түзүү боюнча аракеттер токтобостугун белгиледи. Өздүк курамдын жеке суроолоруна жооп берди. Ошондой эле калктын коопсуздугу үчүн күн-түн дебей ѳтѳп жаткан кызматы үчүн ыраазычылык билдирди. Өздүк курамды кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ, коопсуздукту камсыз кылууда мыйзамдуулукту сактоого, мамлекет башчысынын жарлыктарынын, министрликтин буйруктарынын талаптарын так аткарууга чакырды. Ошондой эле калкка сервисттик кызмат кѳрсѳтүү боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан коюлган багыттар боюнча тапшырмаларды койду. Иш сапары учурунда Чоң-Алай райондук мамлекеттик админстрациясынын жетекчилиги, жергиликтүү жашоочулардын ѳкүлдѳрү жана ардагерлер менен жолугушту. Чоң-Алай РИИБдин жаңы курулуп жаткан имаратынын курулушу менен таанышты. Чоң-Алай РИИБдин имараты 1968-жылы ашар жолу менен курулган. Эскилиги жетип пайдаланууга жараксыз абалга келип калгандыктан, Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланып жаңы долбоор менен 2022-жылы август айында жаңы имараттын курулушу башталган. Учурда пайдубалы бүткѳрүлгѳн. Аба–ырайы суук болгондуктан курулуш убактылуу токтоп турат. Күн жылыса дубалын кѳтѳрүү жумуштары башталмакчы.

WhatsApp Image 2023 01 21 at 09.33.58 Жеңишбек Жоробеков: Милициянын аймактык тескѳѳчүлѳрү-жаштарга үлгү болушу керек


Андан ары Жеңишбек Жоробековдун кызматтык иш сапары Алай районунун Сар-Таш айылында жайгашкан Сары-Таш айылдк милиция бѳлүмчѳсүндѳ уланды. Жеңишбек Жоробеков бѳлүмчѳнүн ѳздүк курамы менен жакындан таанышып, кызматтык имаратты кѳрүп чыкты. Аталган бѳлүмчѳ түзүлгѳн күндѳн баштап кызматтык имаратка жетишбей келген. Бул мезгилге чейин Сары-Таш айлында жайгашкан «Ош-Сарыташ-Иркештам автожолунун башкармалыгы” мекемесине караштуу имаратында ижарада турушат.


Ошондуктан жеңил конструкция менен 6 бѳлмѳлүү жаңы имараттын курулушу башталган. Жеңишбек Жоробеков имарат контейнерден курулуп жаткандыктан имаратты жылуулук кармоо үчүн керектүү курулуш материалдарын колдонууну сунуштады жана максаттарды ишке ашыруу боюнча ѳз салымын кошоорун убадалап кетти. Бул айылда кыш узакка созулгандыктан жана суук-38 градуска жеткендиктен имараттын дубалы сапаттуу болуусу шарт.

Жергиликтүү бийлик да колдоо көрсөтүп жаткандыгы белгиленди.
Алай райондук ички иштер бѳлүмүнѳ караштуу дагы бир айылдык милиция бѳлүмчѳсүнүн бири Сопу-Коргон айылдык милиция бѳлүмчѳсүнө Жеңишбек Жоробеков барып, ѳздүк курамы менен жолугушту. Мындагы ѳздүк курам үчүн түзүлгѳн шарттар менен таанышты. Мында эки жыл мурда жаңы имарат курулуп, жылуулук үчүн заманбап жабдуулар коюлган жана кызматттык зарылчылыкка керектүү эмеректер менен камсыздалган.

Аталган бѳлүмчѳгѳ Сопу-Корон айыл ѳкмѳтү тарабынан ар тараптуу колдоо кѳрсѳтүлүп келет. Айыл ѳкмѳттүн имаратында укук бузуулардын алдын алуу боюнча борбор тузүлүп, имараты оңдоп түзѳѳдѳн ѳткѳрүлүп жатыптыр. Бул борбордо Аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитеттери укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук мене күѳшүүдѳ калк арасында түшүндүүү иштерин жүргүзүүдѳ милиция кызматкерлери менен тыгыз иш алып барышат.
Ош ОИИБдин начальниги Женишбек Жоробеков Сопу-Коргон айылындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери менен да жолугуп пикир алышты. Алар тарабынан берилген сунуштарды колдоого аларын билдирди.
Облустук ИИБдин начальнигинин 2023-жылдын 19-январь күнкү кызматтык иш сапары Алай райондук ички иштер бѳлүмүнүн кызматкерлери жана Гүлчѳ, Жошоолу айыл аймак башчылары, ардагерлер менен жолугушуу менен аяктады.

WhatsApp Image 2023 01 21 at 09.33.59 2 Жеңишбек Жоробеков: Милициянын аймактык тескѳѳчүлѳрү-жаштарга үлгү болушу керек


Жолугушууда Жеңишбек Жоробеков ѳздүк курамдын иш бѳлмѳлѳрүнүн абалы, алар үчүн түзүлгѳн шарттар жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышы менен таанышып чыкты. Ошондой эле ѳздүк курамдын кызыккан суроолоруна жооп берди. «Жаштар арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдѳ милициянын аймактык тескѳѳчүлѳрү ѳздѳрү үлгү болуулары зарыл. Анткени алар жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо, кесипти тандоодо ар бир кызматкердин жеке сапаты, калк арасында ѳзүн адептүү алып жүрүүсү-жаштарга чоң таасир этет»,- деп Жеңишбек Жоробеков баса белгиледи. Ошондой эле милициянын аймактык тескѳѳчүлѳрү кызмат орундарын которбой иштеши үчүн жергиликтүү жаштардан милициянын жогорку окуу жайларына курсанттарды тандоону сунуштады.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн мерчемдүү жерлерге видеокөзөмөл коюп, милициянын аймактык тескөөчүлөрү үчүн иш бөлмөлөрдү бөлүп берип жатышкандыктарын билдиришти. Башкармалыктын башчысы аларга колдоолор үчүн ыраазычылыгын айтты.

WhatsApp Image 2023 01 21 at 09.34.00 1 Жеңишбек Жоробеков: Милициянын аймактык тескѳѳчүлѳрү-жаштарга үлгү болушу керек
WhatsApp Image 2023 01 21 at 09.34.00 Жеңишбек Жоробеков: Милициянын аймактык тескѳѳчүлѳрү-жаштарга үлгү болушу керек
WhatsApp Image 2023 01 21 at 09.33.59 Жеңишбек Жоробеков: Милициянын аймактык тескѳѳчүлѳрү-жаштарга үлгү болушу керек

Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы