Жалп этип өчкөн жарык, кышта тоңгон кыргызстандыктар. Маселе эмнеде?

Учурда бүткүл Орто Азия акыркы жылдардагы эң суук кыштан жабыр тартууда. Ушул убакка чейин күндүн суугу Бишкекте күндүз -10-15 градустан жылыбай келсе, түнкүсүн -25 ке чейин жетип жатты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги боло турган өтө суук күндөр тууралуу алдын ала айтып, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши оорлошо турганын белгилеген. Биринчи кезекте башкы басым энергетиктердин ийинине жүктөлгөнү чын, анткени алар бүтүндөй өлкөнү мындай оор кырдаалда жылуулук жана жарык менен камсыз кылышы керек.

Кыргызстанда аба ырайы 10-январдан тарта кескин өзгөрүп, сууктай баштады. Улуттукэнергохолдинг электр энергиясын максималдуу колдонуу маалында энергетикалык система өндүрүп жаткан кубаттуулукту толугу менен сарптап койгонун билдирген. Суткасына республикада 60.7 млн киловатт-саат пайдаланылса, иш жүзүндө ал көрсөткүч 70.9 киловатт-саатка чейин чыккан. Мына ушул кырдаал жарыктын өчүрүлүп баштоосуна себеп болгон.

Кийинки күнү «Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААК электр эң көп колдонулган учурларда өчүрүүлөр болушу мүмкүн экенин айткан. Андан соң Кыргызстандын бүтүндөй региондорунда кезеги менен атайылап жарык өчүрүлүп жатканын айтып, нааразылыгын билдирген тургундар өтө көп болуп, азыр да токтой элек.

Алардын арасында таң эрте балдарын окууга, бала бакчага даярдагандар социалдык тармактарда нааразычылыктарын жазышууда.

Майыптар жарыксыз калыштыбы?

Ал эми кийинки тасмада сүйлөп жаткан айым Бишкектин кайсы бир районунда жайгашкан жарыгы өчүрүлбөй күйүп турган көп кабаттуу үйлөрдү көрсөтүп, алардын бири Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине таандык экенин айтса, экинчиси президенттин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин үйү экенин белгилөөдө. Ошондой эле жаркырап, жарыгы жанып турган үйлөрдүн бири Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине тиешелүү экени баса айтылды. Кызыгы ал айымдын сөзү боюнча ошол эле үйлөргө жанаша жайгашкан майып адамдар жашаган көп кабаттуу эки үйдүн биринин дагы терезесинен жарыгы көрүнбөйт, анткени алардын жарыгы өчүрүлгөн. Жада калса ал үйлөр газга, борбордук жылуулук системасына кошулган эмес.

Ал эми төмөндөгү видеодо сүйлөп жаткан айым күн сайын жарыктын өчүрүлүп жатканына байланыштуу шам менен отурууга аргасыз экенин айтууда. “Кечинде жумуштан келгенде электр энергиясы жок эмне кыларыңды билбейсиң”, – дейт ал.

“Кыргызстан мүмкүнчүлүгүн толугу менен сарптады”

16-январь күнү Бишкекте өткөн маалымат жыйында Энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов өлкөдө электр энергиясынын бир сааттан өчүрүлө башташы оор кырдаалга байланыштуу болуп жатканын билдирди. Бул оор кырдаалды Кыргызстан электр энергия кубаттуулугун өндүрүүдөгү мүмкүнчүлүгүн толугу менен сарптап койгону менен түшүндүрдү.

«Бишкек жылуулук борборунун кубаттуулугу ушул күндөрү 350 мегаватт болуп келе жатат – бул туруктуу деп эсептелет. Токтогул суу сактагычында 10 миллиард 350 миллион куб суу бар. Ушул күндөрү суунун корошу суткасына 70 миллион кубдан ашып жатты”, – деп билдирди Мирлан Жакыпов.

Энергетика министри жарык өчүрүлүп жатканын моюнга алды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-январь күнү Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда электр энергиясы кезеги менен өчүрүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында аба ырайы жылымайынча бул өчүрүүлөр улантыла берет.

«Бизде кошумча генерацияга мүмкүнчүлүктөр жок. Өчүрүүлөрдүн графигин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берип, алардын сайттарына илип койдук. Бизде күзгү-кышкы мезгилге даярдык учурунда эле өчүрүүлөрдүн графиги бар болчу»,-деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо Энергетика министринен жарандарга жарыктын өчүрүлүшүн чагылдырган так графиктин берилүүсүн суранганда ал пландуу өчүрүүлөр жок экенин, болгону кечке маал абоненттердин бардыгы электрди колдонгонунан улам энергетикалык системага күч келгени үчүн болуп жатканын айтты.

Абоненттердин саны чектен ашып кетип жатканы үчүн трансформаторлор автоматтык түрдө өчүп калары белгиленди. Айрым учурларда өчүп эле калбастан иштен чыгып, күйүп кетип жатканын айтууда. Оңдоо үчүн барган кызматкерлерге эң азында бир-эки саат убакыт керектелери белгиленди.

Төрт миң сомдук көмүр тез эле түгөнүп калдыбы?

Мындан бир жума мурун мамлекеттик «Кыргызкөмүр» ишканасы борбордо паспорту жана жашаган дареги тууралуу маалымкат менен келген жарандарга көмүрдүн тоннасын төрт миң сомдон сатарын жарыялаган. Бирок журналисттер андай кампалардын бирине барып суроо салганда көмүрдүн түгөнүп калганы айтылып, жарандар нааразы болушкан.

Күзгү-кышкы жылуулук сезонуна даярдык көрүү мезгилинде Өкмөт тарабынан берилген маалыматта, бул сезонго 1.5 млн тонна көмүр сарпталары айтылган. Кыш мезгилинде кара алтындын тартыштыгы болбой турганы белгиленген эле.

Энергетика тармагындагы адистердин бири Мурзатай Султаналиевдин айтымында өкмөт эл менен ачык сүйлөшүп, кырдаалды туура түшүндүрүүсү керек. Антпесе жыл өткөн сайын керектөө өсүп, элди камсыз кылуу оор болуп баратат.

Мырзатай Султаналиев – Электр энергиясына бааны көтөрбөсө маселе чечилбейт

“Sputnik Кыргызстан” сайтынан алынган сүрөт

“Бул кырдаал жылдан-жылга кайталана берет. Анткени биз 30 жылдан бери бир дагы генерация кура алган жокпуз. Ал убактан бери элдин электр энергияга болгон талабы өстү. Бүгүнкү күндө биздеги кубаттуулук болжолу менен суткасына 3.5 миң мегаватт көлөмдү чыгара алат. Бирок азыр элдин талабы андан ашык болгондуктан энергетиктер өчүрүүгө аргасыз болуп жатышат.

3500 мегаваттык кубаттуулук суткасына максимум 77-80 млн кВт/саатка чейин бере алат. Элдин керектөөсү андан ашып кете турган болсо, айласыздан өчүрүүгө туура келет. Энергетиктер ар бир нерсени өз аты менен аташы керек эле. Өчүрүүлөр болбойт деп айтканы туура эмес болгон. Өлкөдөгү бул оор маселе эки-үч жылдын ичинде чечилбейт. Жок дегенде 500 мегаваттык станция кургандан кийин чечүүгө мүмкүн болот.

Климаттык катаал шарт боло бере турган болсо, элдин талабы да ага жараша өсүп абал курчуй берет. Айтылып жаткан шамал, күн электр станциялары керектүү көлөмдө кубаттуулук бере албайт. Кыш мезгилинде талап кылган электр энергиясын жабыш үчүн биз жок дегенде 500 мегаваттык станция курушубуз керек. Чакан ГЭСтер да чече албайт. Ал эми чоң ГЭСтерди курууга жок дегенде 4-5 жыл талап кылынат. Ошон үчүн энергетиктер, өкмөт да элге туура түшүндүрүшү керек. Антпесе эмки жылы кайра ушул эле шапкебизди кийебиз.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы электр энергиясынын тарифинин баасы өтө төмөн, элге жага тургандай 1кВт/саатка 77 тыйындан болуп жатат. Электр энергиясын өндүрүүнүн өздүк наркы 1 сом 70 тыйын болуп, биз бир сомго арзан сатып жатабыз. Эгерде ушул тарифти жок дегенде 1 сом 70 тыйындан кыла турган болсо, ГЭС курууга кызыкдар болгон инвесторлор да келмек. Алар канча убакта куруп бүтөрүн, канча убакта өзүн актай турганын эсептеп алышмак. Бизде 77 тыйындан эки-үч эсе аз сатылып жатса, өзүн өзү актабайт да, мындан улам инвесторлор да келбейт.

Бул маселени чечүүдө өкмөт элге тарифти көтөрүү керек экенин туура түшүндүрүп, ГЭСти куруп алгандан кийин кайра баасын арзандатабыз деп ачык айтышы керек. Бул кырдаал улана берсе экономиканы да артка тартат. Азыр ар кандай өнөр жай курулуштары курулуп, тоо кен иштери да жүрүп жатат. Алар инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуу үчүн уруксат алышы керек да. Бирок өлкөдө электр энергиясы тартыш болгону үчүн аларга уруксат берилбейт. Демек, ал ишканалар да курулбай, өзүбүздү артка тартып жатабыз”, – дейт Мырзатай Султаналиев.