Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Долбоор коомдук талкууга коюлду.
Маалымкат негиздемеде айтылгандай, бул мыйзам долбоору улгайган жана кош бойлуу аялдарга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүн гумандаштыруу максатында иштелип чыккан. Улгайган курактагы жана кош бойлуу аялдарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууга чектөөлөрдү киргизүү бул мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.
“Кылмыш-жаза укугунун принциптеринин бири гуманизм принциби болуп саналат, ага ылайык кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын ден соолугуна зыян келтирүүчү катаал мамилеге, ар-намысты басмырлоого, кыйноого жана башка катаал мамилеге жол берилбейт. Бул принцип тең өлчөмдүүлүк принциби менен тыгыз байланышта, ага ылайык шектүүлөргө же айыпталуучуларга карата колдонулуучу кандай гана чара болбосун, ал жеке адамдык мүнөздөмөнү жана жасалган кылмыштын оордугун эске алуу менен, келтирилген коомдук коркунучка ылайык тандалышы керек. Бирок, бөгөт коюу чараларын тандап алуу боюнча укук колдонуу практикасынан көрүнүп тургандай, бул принциптер толугу менен ишке ашырылбай жатат”, — деп айтылат маалымкат негиздемеде.
Документте көрсөтүлгөндөй, Жогорку соту тарабынан берилген маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын 1-январынан 31-мартына чейинки мезгилде камакка алуу бөгөт чарасы 1455 адамга тандалган. Ал эми 2021-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге карата камакка алуу бөгөт чарасы 5743 адамга тандалган.
“Берилген маалыматтардан көрүнүп тургандай, көпчүлүк учурда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалат, ал эми бул бөгөт коюу чарасы эң катаал чара деп эсептелет жана ал өзгөчө учурларда колдонулууга тийиш. Ошол эле учурда, гуманизм жана тең өлчөмдүүлүк принциптери кылмыш-жаза укугуна гана эмес, административдик жоопкерчилик укугуна да мүнөздүү”, — деп айтылат маалыматта.
Мыйзам долбоордун айтору белгилегендей, Укук бузуулар кодексинин 33-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, камакка алуу балдарга, элүү беш жаштан ашкан аялдарга жана алтымыш жаштан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарга жана он алты жашка чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткан адамдарга, ошондой эле биринчи жана экинчи топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.
“Бирок, Кылмыш-жаза кодексинде мындай гуманизм жана тең өлчөмдүүлүк принциптери киргизилген эмес. Бүгүнкү күндө, тергөө изоляторлорунда кармоонун шарттарын эске ала турган болсок, улгайган адамдарга жана кош бойлуу аялдарга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу кыйноо катары каралышы мүмкүн.
Анткени тергөө изоляторлорунда кармоонун шарттары эл аралык стандарттарга жооп бербегендиктен жана жогоруда аталган адамдар ошол жерде кармала турган болсо, алардын ден соолугуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн. Мындан тышкары, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тергөө амалдарын жүргүзүүгө тоскоолдук кылган же тергөө органдарынан жана соттон жашырынууга аракет кылган адамдарга карата колдонулууга тийиш. Ал эми жашы улгайган адамдардын жана кош бойлуу аялдардын тергөө иш-чараларын жүргүзүүгө тоскоолдук кылганга жана тергөө органдарынан жана соттон жашырынууга мүмкүнчүлүктөрү объективдүү чектелген”, — деп белгилейт демилгечи.
Автор белгилегендей, жогорудагы жагдайлар бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууда укук колдонуучу тарабынан эске алынбагандыктан, бул жерде мындай адамдардын тергөө органдарынан жана соттон жашырынып жүргөндөгү, ошондой эле алардын өзгөчө оор кылмышты жасоого шектүү деп эсептелгендеги учурларды кошпогондо, жаш курагы улгайган жана кош бойлуу аялдарга карата бөгөт коюу чарасын колдонууга мүмкүн эместигин мыйзам менен бекитүү зарыл.