
Бүгүн, Жогорку Кеңештин 19-январдагы жалпы жыйынында Шайлообек Атазов Энергетика министринен башка чакырылган министрлердин парламенттин жыйынына келбей жатканын сынга алды.
Анын айтымында учурда өлкөдө кылмыштуулук күчөп, жаштар мушташып жатат. Газпромдун жетекчиси мурунку 6-чакырылышта дагы, азыркы чакырылыштын жыйынына дагы келбей жатат.
«Газ кайда десең, трубада дейт. Анын үйүнүн жанындагы трубадагы газдын кимге кереги бар? Эгер элге газ жетпей жатса»,- дейт Атазов.