Мал чарба жана жайыт изилдөө институтуна директор болуп Жаныбек Керималиев дайындалды

Керималиев Жаныбек Калканович Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтуна директор кызматына дайындалды.

Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, ал 2023-жылдын 13-январында “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» КР Конституциялык мыйзамынын 18-беренесине ылайык дайындалган.