Логотиптин автору Мелис Орозалиев: Афган телеканалынын логосун эми көрдүм

УТРКнын талкуу жараткан логотибин чийген Мелис Орозалиев логотипти бирөөнөн уурдабаганын Фейсбук аркылуу билдирди.

“Көптөгөн эскиздер чийилип, бир жери жакса, бир жери кайра оңдолуп отуруп азыркы логотип чийилди. Бул логотипти мен өзүм чийгем. Идеяны каяктан алганымды жана кайсы эскиздерден улам келип чыкканын сүрөттөн байкасаңар болот. Афган телеканалынын логосун бүгүн көрдүм. Эки логонун окшош болуп калгандыгы мен үчүн таң калууну жаратты. Бирок, кунт коюп баамдаган кишиге айырмачылыгы байкалат”-деди ал.

1024x658x325651028 740650984340157 8911551171886778888 n.jpg.pagespeed.ic.hMS4 bnf80 Логотиптин автору Мелис Орозалиев: Афган телеканалынын логосун эми көрдүм
Логотиптин автору Мелис Орозалиев: Афган телеканалынын логосун эми көрдүм

«Политклиника» сайты УТРКнын жаңы логосу Афганистандын биринчи каналынан көчүрүлгөнүн жазып чыккан.

 “Улуттук биринчи каналдын” логотибинин антиплагиатка текшерип көргөндө Орусиянын ОРТ каналына эмес, Афганистандын 1TV Kabul телеканалынын логотибине абдан окшош экенин көрүүгө болот”- деп билдирет сайт.

 Буга чейин телеканал жаңы логотипке сынак жарыялап, анын жыйынтыгы менен бир дагы логотип комиссиянын сынынан өтпөй калган. Ошол себептен УТРКнын жамаатына тапшырма берилип, Мелис Орозалиев логотипти чийген.