
Маалымат каражаттары зордуктоо боюнча жазып жатышат. Бирок тергөө тарабынан жашы жете элек менен шантаж аркылуу жыныстык катнашка баруу беренеси менен айып коюлган.

Бул тууралуу бүгүн, 16-январда 13 жашар кыздын зордукталышына катыштыгы бар милиция кызматкерлери боюнча чыккан чечим туурасында Бишкек шаардык сотунун судьялары түшүндүрмө берип жатып билдиришти.
«Бул иш 3 шектүүнүн экөө тарабынан 2021-жылы жасалган. Тактап айтканда, жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейин жасалган. Айып жаңы мыйзам менен коюлган.
11-беренеге таянып, кылмыш жасалган учурдагы мыйзам колдонулган. Ага ылайык Свердлов райондук соту тарабынан эки шектүүнүн кылмыш иши мурдагы кылмыш жаза кодексинин беренесине алмаштырылган. 164-беренеге алмаштырылган. Ал эми үчүнчү шектүүнүн жактоочусу кайрылган эмес. Ушундан улам үчүнчү шектүүнүн чечими өзгөртүүсүз калтырылган», – деди ал.