Кыргызстан электр энергиясын экспорттоону токтотту

Кыргызстан электр энергиясын экспорттоону токтотту. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын борбордук диспетчердик кызматынын жетекчисинин орун басары Чыңгыз Абдимомунов билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө электр энергиясын керектөө адаттагыдан көп болуп жаткан чагы.