ИИМ: Кызматтын кадыр-баркын кетирип, кызматтык этиканы бузган кызматкер милициянын катарынан бошотулду

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы Вulak.kg редакциясына билдирди.

ИИМ өз катарын таза эмес кызматкерлерден тазалайт жана мыйзам бузгандар жазадан кутулбайт. ИИМдин жетекчилигинин көз карашы эч качан өзгөрүлбөйт – мыйзам бузгандар жоопкерчилике сөзсүз түрдө тартыла тургандыгын белгилейт.


Социалдык тармактарга тарап кеткен Бишкек шаарындагы “Береке” дүкөнүнүн алдында формачан милиция кызматкеринин мас абалындагы жоосунсуз майда бейбаштыгы боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын негизинде ички иштер министрлигинин буйругу жарыяланды.


Ага ылайык укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бузгандыгы үчүн, кызматтык тартипти жана кесиптик этиканы сактабагандыгы үчүн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын инспектор-кинологу милициянын ага лейтенанты Нурбек уулу Максат ички иштер органдарынын бошотулду.


Мындан тышкары, кол алдындагы кызматкерлерге кызматтык милдеттерин аткарууда көзөмөлдүн жүргүзбөгөндүгүнө байланыштуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинология борборунун начальниги К.Купешов ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ошондой эле ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальнигинин орун басары тартиптик жазага тартылды.


ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоого багытталган иштерди улантат жана улантып келүүдө.
Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга өзгөчө көңүл бурууда. ИИМди колу таза эместерден тазалоо ИИМдин жетекчилигинин эң негизги багыттарынын бири болуп саналат.