Мурдагы президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды

Мурдагы президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш  иши кыскартылды. Бул тууралуу 13-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акаевге козголгон кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган.

«Кумтөр” кенин иштетүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы мамлекет башчыга “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ”Камеко” компаниясы менен башкы келишим түзүү” жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоодо “Шалаакылык” беренеси боюнча айып тагылган», – деп белгиледи Башкы прокуратура.

Аскар Акаев 

Аскар Акаев Кыргызстандын биринчи качкын президенти. Ал өлкөнү  15 жылдан ашык башкарган. 2005-жылдагы «жоогазын ыңкылабынан» кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 

Революциянын чыгышына эл аралык байкоочулар тарабынан таза эмес деп табылган парламенттик шайлоо себеп болгон. Ошондой эле Акаев туугандарын жогорку кызматтарга койгон деп да айыпталган.

2020-жылы бийлик алмашкандан кийин, 16 жылдан кийин Акаев Кыргызстанга учуп келген. 2021-жылы августта ал «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Акаевдин келиши коомдук резонанс жараткан.

Акаев 2005-жылы Орусияга качып кеткен. Ал ушул убакка чейин Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Татаал системаларды математикалык изилдөө институтунда башкы илимий кызматкер болуп эмгектенет.