Бишкекте ден соолугунан жабыркаган балдардын бакчасында жаш бала токмоктолду

Жаш бала токмоктолуп жатканда тартылган видео 3-январда социалдык
түйүндөргө тарады. Андагы маалымат боюнча, окуя Бишкектин 5-кичи районундагы
нейрокоррекциондук «Brain Up» бала бакчасында болгон. Бул жерде ден соолугунан
мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациядан өтүшөт.
Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы бул окуя катталып, экспертиза дайындалганын
билдирди.
Текшерүү учурунда токмоктолгон бала М.Н. экени, ал бала бакчага 2022-жылдын
августунан тарта бара баштаганы такталган. Тергөө уланып жатат.