Күлкүнү келтирген 2022-жылдагы “ляптар”. Жыл жыйынтыгы

Өтүп бара жаткан 2022-жыл да соцтармак колдонуучулардын талкуусуна алынган, күлкүлүү учурларга бай болду. Алардын көбү адаттагыдай эле саясатка байланыштуу “ляптар”. Bulak.kg сайты элди күлдүргөн дал ошол эпизоддорду чогултту.

УТРКнын 90 жылдыгына арналган эл аралык форумдагы баннердин текстинде ката кетип сынга алынды. Текстте үтүр, дефистер коюлбай, сөздөрдө жана мүчөлөрүндө орой каталар кеткен.

281612 w h500 1670304900 r Күлкүнү келтирген 2022-жылдагы “ляптар”. Жыл жыйынтыгы

Чек ара боюнча жабык отурумда автомат асынып жүргөн ЖК депутаты Жусупбек Коргонбай уулу курал баласынын оюнчугу экенин айтып актанган. Бирок, андан соң депутаттар УКМК төрагасы К.Ташиев эл өкүлдөрүнө бир жашик курал таратып, кекеткенин белгилешкен.

WhatsApp Image 2022 12 27 at 18.00.30 Күлкүнү келтирген 2022-жылдагы “ляптар”. Жыл жыйынтыгы

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутат Айгүл Айдарова бир ай мурун активисттердин камалышы боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып «Азиялар», «Азербайжания» деген сөздөрдү колдонуп элди күлдүргөн.

ЖК депутаты Жусупбек Коргонбай уулу быйыл июнда казинону ачуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатканда каршы пикирин айткан. Анда депутат көзөмөл катуу болуп, кыргызстандыктар «задний проходдон» өтүп кетпеши керек экенин айтып кесиптештерин кыраан каткыга салган.

ЖК депутаты Искендер Матраимов комитеттик жыйында кагаздагы текстте жазылган «аутентичный» сөзүн айта албай соцтармак колдонуучуларын күлдүргөн.

Быйыл ноябрдын аягында Бишкекте биринчи Элдик курултай өтүп, ага бүт өлкөдөн 1000ден ашуун делегат, депутаттар, министрлер жана президент катышкан. Анда Кара-Суу районунан делегат болуп Элдик курултайга катышкан Абдыкерим Бекмурзаев коррупция тууралуу айтып элди кыраан каткыга салган.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алып, мажбурлап Москвага учуруп жиберген. Ал эми 24-ноябрда ЖК жыйынында УКМК төрагасы К.Ташиев жада калса бул тууралуу билбегенин айткан.