Айыл чарба министрлиги дан продукцияларына нарк салыгын 0%га түшүрүү боюнча токтом долбоорун иштеп чыкты

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, 2021-жылдын 1-августунан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде кошумча нарк салыгынын ставкасы 0% өлчөмүндө түздөн-түз импорттоочу тарабынан ата мекендик дандан импорттоодо каралган.

2022-жылдын 31-декабрына чейин кошумча нарк салыгынын мөөнөтү бүтүп бараткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги тарабынан айрым айыл чарба продукцияларына кошумча нарк салыгын 0%га түшүрүү боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, тиешелүү министрликтерге макулдашууга жөнөтүлдү.


Бүгүнкү күндө өздүк өндүрүлүштүн эсебинен дан жана дан азыктары менен өздүк өндүрүлүштүн 71,8 пайызы камсыздалды.