Кыргызстандын 2022-жылдагы чоң жеңиштери

2022-жылы өлкөдө түрдүү тармактарда жеңиштер болуп, жагымдуу кабарлар тарап жатты. Bulak.kg маалымат порталы ушул жылы Кыргызстанда кандай жеңиштер болгонун жана аларды ким алып келгенин эстеди.

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Сербияда өткөн дүйнө чемпионатын жеңип алды. Каршылашы венгриялык Золтан Леваини 77 кг салмагында 8:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Махмудов грек-рим күрөшүнөн чоңдор арасында дүйнө чемпионатын жеңген алгачкы спортчу болду.

1375682.33c891186fc3a4082724f420697d5e99 696x392 1 Кыргызстандын 2022-жылдагы чоң жеңиштери

Ошол эле дүйнө чемпионатында Жоламан Шаршенбеков да грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону аталды. Ал 60 кг салмакта финалда болгариялык Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утту.

Жоламан чоңдор арасында дүйнө чемпионатынын финалында 3-жолу күрөштү. Ага чейин эки күмүш медалы бар эле.

1063823969 0 448 2697 1965 1400x0 80 0 0 fbbf2cf3db6b4faf7a8bf7349120317d Кыргызстандын 2022-жылдагы чоң жеңиштери

Кыргызстандык боксчу Дмитрий Бивол кезектеги атаандашы мексикалык жеңилбеген Хильберто Рамирести жеңип алды. Бул жеңиши аркылуу Бивол WBA версиясы боюнча жарым оор салмактагы чемпиондук курун коргоп калды.

Бивол беттешке жай айларында Ысык-Көлдө даярданган.

572cea1564880ecac78b2f7c18d95fd2 Кыргызстандын 2022-жылдагы чоң жеңиштери

Кыргызстандык киберспортчу Бакыт Эмилжанов эл аралык Dota 2 мелдешине Европанын Team Secret командасы менен катышып, 2,4 млн. доллар утуп алды.

Сингапурдагы мелдешке жалпы 30 команда катышып, Эмилжановдун командасы финалда 3-0 эсебинде утулган. 23 жаштагы кыргыз спортчусу аталган командада быйыл июль айынан бери ойнойт.

2021 04 12 17 28 14 270655 Кыргызстандын 2022-жылдагы чоң жеңиштери

Бишкекте ноябрда өткөн күжүрмөн самбо боюнча дүйнө чемпионатында Дайырбек Карыяев чемпион аталды. Ал 79 кг салмагында финалда казак балбанын 4:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону болду.

9bf9576d a42b 4b7d 9238 ee2cdea91456 Кыргызстандын 2022-жылдагы чоң жеңиштери

Ошондой эле, спорттук самбо боюнча 98 кг оор салмагында чыккан Бекболот Токтогонов да дүйнө чемпиону аталды.

bekbolot toktogonov sambo boyuncha dyn chempionu boldu 1668397706 Кыргызстандын 2022-жылдагы чоң жеңиштери

Бильярдчы Дастан Лепшаков Орусияда өткөн бильярддын эркин пирамида түрүнөн дүйнө чемпиону аталды. Лепшаков — эл аралык класстагы спорт чебери. Дүйнө чемпиондугун экинчи ирет багындырды.

1535120.1.1540194420 Кыргызстандын 2022-жылдагы чоң жеңиштери

Астанада «Digital Bridge 2022» эл аралык технологиялык форумунда Astana Hub Battle – технологиялык стартап-долбоорлор мелдеши өткөн.

Анда Кыргызстандын NB Fit командасы төрөттөн кийин аялдарга жардам бере турган фитнес кызматы долбоору менен жеңүүчү аталышты.

WhatsApp Image 2022 09 29 at 18.12.29 1 1 Кыргызстандын 2022-жылдагы чоң жеңиштери