Бишкек абасы эң кир шаарлардын арасында 1-орунга чыкты

QAir жарыялаган маалымат боюнча, бүгүн, 25-декабрда саат 11:00гө карата Бишкек шаарындагы абанын булгануусу 198 AQI болуп жатат.

Бул көрсөткүч абанын сапаты ден соолукка зыян дегенди билдирет.

Абасы өтө булганган 3 аймак:

1. Сорос фонду – 309

2. Сары-Челек көчөсү – 280

3. Ата-Түрк сейил багы, Малдыбаев көчөсү – 255

Муну менен Бишкек шаары абанын сапаты жана атмосферасынын булгануусу боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат.

• Атмосферанын булгануусунан кантип сактануу керек?

– терезе-эшиктерди жабыңыз;

– бет кап тагыныңыз;

– тыштагы физикалык кыймылды азайтыңыз;

– аба тазалагычты пайдаланыңыз.

283545 w h500 1671949224 r Бишкек абасы эң кир шаарлардын арасында 1-орунга чыкты