
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге «Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.
22-декабрда Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык маарекесине арналган илмий конференция өттү.
Анын алкагында Нурланбек Шакиевге “Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.