Президенттин кеңешчиси болуп Арслан Койчиев дайындалды

Арслан Койчиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Кошумчалай кетсек Жапаров кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Жумаев Алтынбек Мусаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду.