Укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн алкагында КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.Ташиев тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына жана Бишкек шаарына учуп кетти.
Бул тууралуу УКМК кабарлады.
КР УКМК башчысы бардык күч түзүмдөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулап, көзөмөлдөп келмекчи.




