Профилдик комитет экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратууну жактырды

6-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун карады.

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев «Президенттин ишмердүүлүгү жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат.

Бүгүн, 6-декабрда депутат Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынында билдиргендей, бул мыйзам долбоору бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында иштелип чыккан.

Эл өкүлү ошондой эле бул мыйзам долбоору кабыл алынса, кийинки экс-президенттерден тартып күчүнө кирерин белгиледи.

Депутат төмөндөгүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат:

— экс-президент өз каражаттарынын эсебинен мамлекеттик күзөт кызматын пайдалана алат;

— экс-президент мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылат;

— 16-беренеде каралган артыкчылыктарынан ажыратылат; (экс-президент өлкө аймагында өкмөттүк байланыш жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын карамагындагы байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдалануу укугуна жана байланыш кызматын кезексиз алуу укугуна ээ. Экс-президенттин почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрү өкмөттүк разрядда жөнөтүлөт (жиберилет), иштетилет жана жеткирилет)

— жаңы президент кызматына киришкенден кийин экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденцияны бошотушу керек;

— Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө президентти кошпогондо, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорунун концепциясын жактырышты.