Түркиянын жээгинен бир жарым тонна куйма табылды

Түркиянын жээгинде коло дооруна таандык кеме кыйраган жердеги археологиялык казууларда эки коргошун жана бир жарым тонна жез куймалары табылганын Arkeonews кабарлады.

Окумуштуулардын айтымында, 3600 жылдык жүк Түркиянын түштүгүндөгү Анталия провинциясынын жээгинде биздин заманга чейин 1600-жылдардагы эң эски кемелердин бири болгон Кумлуктан табылган.

Эксперттер кемеде жаткан жез куймалары биздин заманга чейинки 15-16-кылымдарда жез өтө баалуу буюм болгон кезде Кипрдин шахталарында куюлганын аныкташкан.

Илимпоздор эске салгандай, ошол күндөрү Египет аймактагы үстөмдүк кылуучу күч болгон жана археологдордун айтымында, жез куймалары египеттиктерге Кипр сыяктуу башка мамлекеттер тарабынан төлөнүүчү салык катары кызмат кылышы мүмкүн.

Табылган кеме өнөр жай жүктөрүн ташыган илимге белгилүү болгон эң эски соода кемеси болуп чыгышы мүмкүн. Кеменин кыйрашына катуу бороон себеп болушу ыктымал.