Соттолгон жарандын жасалма акча жасоого тиешеси бардыгы аныкталды

ИИМ: Соттолгон жарандын жасалма акча жасоого тиешеси бардыгы аныкталды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан жарандын жасалма акча жана баалуу кагаздарды жасоо менен алектенгендигин аныкташты.
Аталган факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен (акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо) кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

WhatsApp Image 2022 11 28 at 16.37.46 Соттолгон жарандын жасалма акча жасоого тиешеси бардыгы аныкталды


Козголгон кылмыш ишинин алкагында БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын 3-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын негизинде 2022-жылдын 25-октябрында кечки саат жетилер чамасында Ош шаарынын Сайгон көчөсүнөн жаран А.З. 4800 доллар өлчөмүндө жасалма акча менен кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаран А.З. акчанын жасалма экендигин билген эмесмин, мага ушул даректен акча алып кетүүгө келгенмин, кызмат акымды төлөп беришмек,-деп билдирген.
Тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка түздөн-түз тиешеси бар, каракчылык менен соттолуп абакта олтурган Т.Д. аттуунун тиешеси бар экендиги аныкталды.

WhatsApp Image 2022 11 28 at 16.37.45 1 Соттолгон жарандын жасалма акча жасоого тиешеси бардыгы аныкталды


Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин кызматкерлери менен биргеликте бул кылмышка тиешеси бар дагы башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам иш-чараларды улантууда. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, 4 миң 800 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат жасалма экени аныкталган. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы