Бүгүн Кыргызстанда Элдик курултай өтөт

Бүгүн, 25-ноябрь күнү, борбор калаадагы Улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай башталат. Мамлекеттик деңгээлде уюштурулган жыйын эки күнгө созулуп, өлкөнүн булуң-бурчунан делегаттар катышат.

Белгилей кетсек, бул жыйын жыл сайын өтүп, мамлекет башчы делегаттарга кайрылуу жасайт. Элдик курултай мыйзам чыгаруу укугуна ээ.

Ошондой эле, курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Эске салсак, Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун жыл башында Жогорку Кеңеш кабыл албай койгон. Мындан улам президент Садыр Жапаров өзү жарлык чыгарып, өткөрүүнүн жол-жобосун бекиткен.

Ага ылайык, Элдик курултай бир жылда бир жолу өтөт. Президенттин демилгеси же Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин сунушу боюнча кезексиз отурум чакыртылышы мүмкүн.

Жапаров анда өлкөдөгү иштин абалы, ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары жөнүндө кайрылуу жасай турганы күтүлүп жатат.