Баткенде чек арага чектеш айылдарда “Укук тартип”, “Арсенал” аталышындагы иш-чаралар өткөрүлүүдө

Баткен районунун аймагындагы айылдарда “Укук тартип”, “Арсенал” аталышындагы иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Анын алкагында Баткен РИИБдин айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Тажикстан Республикасына жакын жайгашкан айылдын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Анда жарандарга резонанс жараткан кылмыштарды алдын алуу жана болтурбоо, коомдук тартипти сактоо, издөөдө жүргөн атуулдардын жүргөн жерин аныктоо, коомдук жайларда тилемчилик менен алектенген атуулдарды аныктоо, мал уурулукту алдын алуу, мал жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 87 эскертүү акт толтурулуп, мал ээлерине берилди.


Ошондой эле милиция кызматкерлери элдерге сервистик тейлөө көрсөтүп, ар тараптуу сунуш-кайрылууларга жеринде жооп берди. Кылмыштуулукту алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн мыйзамдар менен тааныштырышты.


“Арсенал” иш-чарасынын жүрүшүндө Баткен район аймагында ок атуучу куралга уруксаты бар атуулдардын ок атуучу куралын жарактуулугун, сактоо абалын, тиешелүү документтерин текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 11 24 at 08.57.37 1 Баткенде чек арага чектеш айылдарда “Укук тартип”, “Арсенал” аталышындагы иш-чаралар өткөрүлүүдө
WhatsApp Image 2022 11 24 at 08.57.38 1 Баткенде чек арага чектеш айылдарда “Укук тартип”, “Арсенал” аталышындагы иш-чаралар өткөрүлүүдө
WhatsApp Image 2022 11 24 at 08.57.38 Баткенде чек арага чектеш айылдарда “Укук тартип”, “Арсенал” аталышындагы иш-чаралар өткөрүлүүдө

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы