“Путин менен Рамзан Кадыровдун шайтандык режимин кулатабыз”, – Украинада кыргызстандык согуш жарыялады

Согуш жүрүп жаткан Украинада түрк элдеринен түзүлгөн «Туран» батальону соцтармак аркылуу коомчулукка кайрылуу жасады. Аны Кыргызстандын жараны Алмаз Кудабек башкарат.

“Путин “атайын операциялык иш-чара” деп жамынып алып, түрк элдерин геноцид аркылуу жок кылып жатат. Ал эми Рамзан Кадыров Исламды жамынып алып, джихад жарыялап жатат. Ислам биз үчүн ыйык, аны менен ойнобош керек, биз бул шайтандар менен күрөшөбүз. Рамзан Кадыровдун шайтандык режими жана Путиндин импердик режимин кулатабыз! Жашасын “Туран”!, – деп билдирди ал.