
Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар департаментинин түштүк филиалынын өкүлдөрү менен бирдикте дарыгердин рецепти боюнча дары-дармек каражаттарын (баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери менен) сатуунун мыйзамдуулугу боюнча Жалал-Абад шаарындагы дарыканаларга рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди рецептсиз саткан дарыканалар тармагын аныкташты.
“Текшерүү сатып алуунун” (контрольная закупка) жүрүшүндө дары-дармекти рецептсиз эле сатып алууга мүмкүн болгондугу тастыкталган.

Мындан тышкары, ыкчам кызматкерлер баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын компоненттери бар бардык дары-дармек каражаттарын аныкталып алынган.
Алынган заттардын жалпы салмагы: 1.170 мл. жана 350 капсуланы түздү.
Дарыкана пункттарынын сатуучуларына карата жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылды.
Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККнын бүт республика боюнча мындай түрдөгү иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүп турат.
