Ат-Башы РИИБи тарабынан аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө жардам берилди

Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 2022-жылдын
16-18-ноябрь күндөрү “Камкордук” аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө аз
камсыз болгон үй- бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын жана окуу
китептерин жаңыртуу жагынан жардам уюштурулуп, кышкы жылуу кийимдер
берилди.

WhatsApp Image 2022 11 17 at 15.09.18 1 Ат-Башы РИИБи тарабынан аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө жардам берилди

Ошондой эле, Большевик айылында жайгашкан А.Табылдиев атындагы орто
мектебинин окуучуларына кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча сүрөт тартуу
көргөзмөсү уюштурулган. Андан сырткары алдыңкы 5 орунду ээлеген
женүүчүлөрдү кызыктырган сыйлыктар тапшырылып, жеринен түшүндүрүү
иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

WhatsApp Image 2022 11 17 at 15.09.18 Ат-Башы РИИБи тарабынан аз камсыз болгон үй- бүлөлөргө жардам берилди

Нарын ОИИБдин Басма сөз кызматы