«Сорос-Кыргызстан» өлкөдөгү сөз эркиндигине байланыштуу тынчсыздануусун билдирди

«Сорос Кыргызстан» фонду «Журналисттерге карата кылмыштар үчүн жазасыз калууга каршы күрөшүүнүн» эл аралык күнүнө байланыштуу билдирүү таратты. Анда фонд «сөз эркиндигине кысым жана чабуулдар акыркы убактарда көп болуп жатканына тынчсыздануусун» билдирген.

«Жазасыздык журналисттерди жана активисттерди коркутуп, кылмышкерлерди кайраттандырып, коомго терс таасирин тийгизип, антидемократиялык цензуранын уланышына жол ачат. Ушул оор мезгилде кысымга жана кол салууга каршы туруу үчүн журналисттердин колдоосу жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын тилектештиги маанилүү. Көз карандысыз ЖМКларга жана медиа уюмдарга гранттык колдоо көрсөтүү аркылуу биз сөз эркиндигин коргоо, медиа сабаттуулукту өнүктүрүү, журналистиканын стандарттарын үйрөтүү жана маанилүү темаларда сапаттуу контентти түзүү боюнча иштерди улантып жатабыз. […] 24-октябрда биз кыргызстандык журналист Алишер Саиповдун дүйнөдөн кайтканынын 15 жылдыгын белгиледик, бул дата журналисттердин ишинде адилеттүүлүк маанилүү экенин дагы эле эскертип келет», — деп жазылган фонддун билдирүүсүндө.

Кыргызстандагы «Медиа Полис Институту» уюму 2020-жылдын октябрь айынан баштап 2022-жылга чейин өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мониторинг кылып, атайын баяндамасын жарыялады.

Анда мамлекеттик жогорку кызмат адамдарынын жана саясатчылардын бардык социалдык тармактардагы баракчаларына мониторинг жасалган. Изилдөөнүн жыйынтыгында сөз эркиндигинин абалы начарлап, Кыргызстандын саясий айдыңында авторитаризмдин белгилери, репрессиялык ыкмалар, медиага көзөмөлдү күчөтүү аракети жана эркин массалык маалымат каражаттарына кысым байкалган.

Эксперттердин баамында, жакында 20дан ашуун активист менен саясатчылардын кармалышы, «Азаттыктын» сайты менен банк эсебинин бөгөттөлүшү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлап баратканынын көрсөткүчү.

Өз кезегинде бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги бузулбаганын байма-бай айтып келет. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 28-октябрда билдирүү жасап, өлкөдө эркин медиалардын ишине чектөө жок экенин, сөз эркиндиги дайыма болорун билдирген.