«Zoom» орус версиясында “Киргизия” деген аталышты  «Кыргызстан» деп өзгөрттү

«Zoom» ноябрдан тарта орус версиясында “Киргизия” деген аталыштын ордуна «Кыргызстан» деп колдоно баштайт.

Казак журналисти Ольга Королеванын айтымында, Zoom мындай чечимди техникалык колдоого жазган каттарынан кийин кабыл алган.

«Бизге эки күн бою жигердүү кат жазышты, мен техникалык колдоонун жаңы жана жаңы деңгээлине өттүм, алар мага иштеп чыгуу тобунун жана системалык инженерлердин жоопторун беришти.

Скриншоттун натыйжасы жакында чыгарыла турган Zoom жаңы версиясында, 6-ноябрда бул аталыш оңдолот», — деп жазган ал.