
Чүй облусунун Сокулук районунда мечитте уурулук кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сокулук райондук милициясына Н.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 24-октябрь күнү таңкы саат 05:50дө белгисиз адам Ош көчөсүндөгү мечитке кирип, кайрымдуулукка акча чогултуучу кутучаны акчасы менен, видеобайкоо камерасынын мониторун жана кийимдер салынган сумканы уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактка байланыштуу Кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, 25-октябрь күнү кылмыш жасоого шектүү катары 25 жаштагы С.Е. аттуу жаран кармалган. Азыркы тапта ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.