
Бүгүн, 26-октябрда ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясынын саптык аянтчасында 1-курстун курсанттарынын ант берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Академиядан билдиришкендей, 128 курсант өз элине, Ата Мекенине кызмат кылууга ант беришти.
Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ички иштер органдарынын генералдары жана ардагерлери, ИИМдин академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.
Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин академиясынын туусун көтөрүү менен башталды. Салтка айлангандай, Э.Алиев атындагы коомдук фонду тарабынан жакшы окуган курсанттарга стипендия берилди.
Салтанаттуу иш-чара офицерлердин жана курсанттардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.