Таласта милициянын подполковниги өз үйүндө канга боёлгон абалда табылган

Кечээ, 21-октябрда Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги өз үйүндө канга боёлгон абалда табылган. Бүгүн анын каза болгону белгилүү болду. Бул тууралуу Талас облусунун ички иштер башкармалыганан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-октябрда саат 16:00дө милицияга ооруканадан 1972-жылы туулган М.А. аттуу жаранга ок тийип, баш мээси жабыркагандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

14-октябрдан бери милициянын подполковниги М.А. “өтө коркунучтуу 3-даражадагы гипертония оорусу” диагнозу менен эмгек өргүүсүндө экени аныкталган.

Саат 20:10до милиционер ооруканада каза болгону кабарланган.

Бул факты катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат.