Кыргызстанда быйыл адам сатуу боюнча 5 факты катталды

Кыргызстанда 2022-жылы адам сатуу боюнча 5 факты катталган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы мындай 9 факты катталган.

Жыйында депутат Дастан Бекешев чындыгында мындай фактылар көп, бирок арыздар жок экенин белгиледи.

«Ооба, эч кандай арыздар жок. Эгер маалымат түшсө, жабыркагандарды таап, арыздарды кабыл алабыз. Сойкулук да адам сатуу түшүнүгүнө кирет, биздин жарандарды Түркияга сойкулук үчүн сатып жиберген эки факты бар», — деди Нурбек Абдиев.