Ноокен районунда милиция үчүн жаңыдан салынган 4 курулуш объектисинин ачылышы болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алар Достук аймактык милиция бөлүмчөсү, Момбеков айыл аймагындагы милициянын аймактык пункту, райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имараты жана РИИБдин кичи футбол аянтчасы.
Ачылыш аземге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев, Ноокен районунун акими Ишенбеков Таалай жана айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү тургундар жана бийлик өкүлдөрү катышты.
“Бийлик тарабынан милиция үчүн кам көрүлүп жатат, бардык жасалып жаткан иштер алардын ишмердүүлүгүндө оң натыйжа берет деп ишенемин. Ар дайым эл кызматында ар кандай укук бузууларды болтурбай жакшы иштей беришиңерге тилектешмин”, — деди Абсаттар Сыргабаев.
Ал эми Ашим Тагаев бул имараттар заманбап талаптар менен курулуп, калкка кызмат көрсөтүүдө жана сервистик тейлөөдө кызматкерлер үчүн мыкты шарттар түзүлгөндүгүн, райондун борборунан алыс жайгашкан жердеги тургундардын көйгөйлөрү жеринде чечилерин, бул үчүн ИИМ тарабынан атайын штаттар каралып, толук кандуу ишке берилгендигин айтты. Андан сырткары ал кылмыштуулуктун алдын алууда жана болтурбоодо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо кызматкерлер талыкпай эмгектенерин баса белгиледи.
Ошондой эле имараттарды курууга салымын кошкон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга ыраазычылык билдирип, ИИМдин, ОИИБдин жана Ноокен РИИБи тарабынан даярдалган сыйлыктары тапшырылды.
Белгилей кетсек, жогорудагы имараттарды жана спорт аянтчасын куруу иштери республикалык бюджеттен, жергиликтүү айыл өкмөтү жана Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган.