Ысык-Көлдө айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ишке берилди

Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылышына арналган салтанаттуу азем болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 10 13 at 07.07.04 Ысык-Көлдө айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ишке берилди


Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Джумагазиев, Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировдор катышышты. Салтанаттуу иш-чарага ошондой эле Ак-Суу РИИБнин жетекчилиги жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милициянын ардагерлери катышты.

WhatsApp Image 2022 10 13 at 07.07.06 Ысык-Көлдө айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ишке берилди


Айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратынын курулушу Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын өнүктүрүү фондунун эсебинен жүргүзүлүп, жалпысынан 2 миллионго жакын акча каражаты сарпталды.


Салтанаттын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, өлкөбүздө милициянын күнүмдүк ишмердүүлүгүн демократиялаштыруу, ишмердүүлүгүн жана материалдык – техникалык базасын жакшыртуу, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан максаттуу иштердин баштаганын белгиледи.
Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Канат Джумагазиев ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө, буга чейин айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Боз-Учук айылындагы ар кандай административдик имараттарда калып, иштөөгө аргасыз болуп келгендигин белгиледи.

WhatsApp Image 2022 10 13 at 07.07.06 1 Ысык-Көлдө айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ишке берилди
WhatsApp Image 2022 10 13 at 07.07.05 1 Ысык-Көлдө айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ишке берилди

Эми жаңы имаратта милиция кызматкерлери жарандардын кайрылууларына жана даттанууларына өз убагында чара көрүүгө, 6 айыл өкмөттүн элине кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле кылмыштуулуктун бетин ачууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. «Жаңы милиция бөлүмчөсүндө сапаттуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул жарандарды кабыл алуу үчүн заманбап бөлмөлөр, участкалык милиция кызматкерлери менен балдар иштери боюнча инспекторлордун иш бөлмөлөрү, ошондой эле коомдук алдын алуу борборунун өзүнчө кабинети бар», – деди К.Джумагазиев.
Ачылыш аземинен кийин салтанаттын катышуучуларына айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты боюнча кыскача экскурсия уюштурулду.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы