Эмил Жураев: Мамытовдун кызматынан кетиши “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын күчтөө аракети эмес

Талант Мамытовдун кызматынан кетүүсүнө эмне себеп болгонун так айтыш кыйын, анткени ал өзү келтирген жүйөлөр да анчейин ачык маалыматты берген жок. Тажикстандын Кыргызстанга бастырып келип кол салганы жана андан бери Өзбекстан менен болгон чек араны тактоо иштери саясий кырдаалды кызытып, анын артында ар кандай кыймыл-аракеттер болуп жатты.

Камчыбек Ташиевдин парламентке жасаган мамилесинен, жабык эшик артында болгон окуялардан кийин депутаттардын арасында спикер парламенттин көз карандысыздыгын, өз алдынчалуугун сактай албай калды деп доомат койгондор көп. Азыркы саясий кырдаалда жаңы кадамдар жасалайын деп турганда балким ага кошулбайын деген ой менен кетти деп божомолдосок болот.

Окуянын мындай өнүгүшү Ташиев мурда жетектеген “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын күчтөө максаты деп ойлобойм. Анткени Талант Мамытов, Садыр Жапаров өздөрү да ошол партияда болчу. Ал партияга кирбегендердин жана бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттардын арасында да Ташиевдин тарапташтары көп. Демек, Мамытовдун кетиши же кетпеши жагдайды эч кандай өзгөрткөн жок деп ойлойм.