Кемпир-Абад кандай чечилип, Кыргызстандын аймагы кандай өзгөрөт? К.Ташиев маалымат берди

Кемпир-Абад кандай чечилип, Кыргызстандын аймагы кандай өзгөрөт? К.Ташиев маалымат берди

Бүгүн, 10-октябрь күнү Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер боюнча комитетинин жабык жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин талкуулоо маалында алдыда эки тараптуу кол коюла турган келишимдер тууралуу маалымат берди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны делимитациялоо комитеттеринин ишке аша турган келишимине ылайык, Өзбекстандан Кыргызстанга жалпы 15 806 га жер жазылат. Өлкө аймагына өтө турган жерлер:

Гавасай – 12 872га
Көк-Серек айылы – 105 га
Баястан – 212 га
Үңкүр-Тоо – 35 га
Ак-Таш – 100га
Шарихан-Сай 19,5 га
Кара-Белес 25 га
Өзгөн жана Сузак райондоруна – 1000 га

1965-жылы 4127га жер Кыргызстанга өткөн.

Ошондой эле, Камчыбек Ташиев Сузак менен Өзгөн райондору үчүн жалпы аянты 1000 гектарды түзө турган жер өтө турганын айтты. Бул аянттын 500 гектары Өзгөн районуна тиешелүү болот.

Өз кезегинде Өзбекстан мамлекетине Кемпир-Абад суусу турган 4485 га жер жазылып бериле турганы кошумчаланды.

Бирок, суу сактагычтын суусун Кыргызстан дагы өз кызыкчылыгы үчүн колдоно турганы белгилүү болду. Суунун агымын көзөмөлдөө үчүн эки тараптан төрттөн адамдан турган ишкана түзүлүп, биргеликте иш жүргүзүлөт.

Кыргызстандын аймагына өткөн жерлер суусуз кайрак жерлер экенин Ташиев четке кагып, тескерисинче бийик тоолуу, алтын бар жерлер экенин айтып өттү.

Ошондой эле, Орто-Токой суу сактагычы бүгүнкү күндө толук бойдон Кыргызстандын пайдалануусунда экенин белгиледи.