Садыр Жапаров Баткенге барабыз деген «жалган патриотторго» эскертүү берди

Президент Садыр Жапаров кыргыз армиясынын, күч түзүмдөрүнүн күч-кубаты жетиштүү экенин “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

— Бишкекте ар кандай талаптар менен митингдер өттү. “Бийликтин колунан келбесе, биз баралы” деген сөздөр жаңырды. Бирок, унаалар келсе, бирөө дагы отурбаптыр. Сиз катардагы жарандардын баруусунун кереги жоктугун айттыңыз. Анан ушундай талаптар менен чыккандар тууралуу тийиштүү органдар сизге маалыматтарды берип турса керек, мисалы, алар кимдердин тарапташтары, максаттары эмне дегендей?

— Эң кызыктуу суроо бердиниз. Алар чыныгы мекенчилдер эмес. Учурдан пайдаланып өздөрүнүн арам максаттарына жетели дегендер. Эмне максаттары бар экенин баарын билебиз. Баарын тааныйбыз. Бирок тийбейбиз. Бизде демократия. Эркин сүйлөй беришсин. Бирок сөз эркиндиги деп эле жалган маалыматтарды тарата бербеши керек.

«Баткенге биз баралы» деген «жалган баатырларыбызды» өзүңүздөр көрдүңүздөр го. «Баткенге барсаң, мына сага унаа, жөнө» деп унаа коюп бергенде бирөөсү да олтурган жок. Эгер чыныгы мекенчил болсо, баатыр болсо Ак үйдүн алдына кыйкырып келбей, түз эле Баткенге кете бермек.

Учурдан пайдаланып ушундай «жалган патриотторго» айтып коеюн. Азырынча армиянын, күч түзүмдөрүнүн күч-кубаты жетиштүү. Эгер армиябыздын күчү жетпей баратса, силерди митингге чыгарып убара кылбай эле жылуу төшөктө жаткан жериңерден сууруп чыгып кетебиз. Бул –мамлекеттин толук укугу. Ошондо чыныгы мекенчил экениңер көрүнөт. Бирок Кудай ага жеткирбесин деп тилейли.

Ошону менен бирге жөнөкөй жарандарыбызга кайрылып кетейин. Агрессия башталганда «эвакуацияга чыккыла» дегенде, бириң калбай чыгып кетишиңер керек. Чек арачылар жана аскер адамдары гана калыш керек. Былтыр бизге Башкы суу бөлүштүрүүчү жайга (Головной водозабор) кол салуу болгондо, Баткенден жөнөкөй жаштарыбыз барып, таш ыргыта башташкан. «Баары кайтсын, аскер адамдарыбызга тоскоол болуп жатасыңар!», — деп буйрук бергенимде укпай коюшкан. 17 киши бир эле жерден гранатаметтун жарылуусунан каза болуп калышты. Жалаң жаш балдар.