
22-сентябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.
Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.
Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.