Колун көтөрүп, багынып берди деген аскер тирүү

 Чек арадагы куралдуу кагылышта кыргыз аскерин тажиктер кармап калганы тууралуу видео интернетке тараган.

Видеодогу жоокер каза болгон Гүлжигит Бектенов экенин айрым маалымат каражататтары анын жакындарынын маалыматына таянуу менен жазышкан.

«Бектенов кол алдындагы аскерлерди кетүүгө буйрук берип, өзү тажик аскерлеринин курчоосунда калган. Багынганга мажбур болгон жоокер артка кайтарган аскерлерине ар кандай айла-амалдарды жасоо менен чегинүү үчүн убакыт берген», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, видеодогу жоокер Бектенов эмес, 27 жаштагы Адилет Санарбек уулу болгон. Маалыматтарга ылайык, аскер кызматкерлери тажиктер тарабынан кармалып, 19-сентябрда Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.

«Азыр ал Баткен облусунда», — деп айтылат маалыматта.

307874862 1440965613037676 4927517681049905273 n Колун көтөрүп, багынып берди деген аскер тирүү
308520087 1440965573037680 6817596454279609318 n Колун көтөрүп, багынып берди деген аскер тирүү