Түркиянын делегациясы Ыкчам башкаруу жана координациялоо борбору менен таанышты

ИИМ: Түркиянын Жандармерия жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы Ыкчам башкаруу жана координациялоо борбору менен таанышышты

Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн Туркиянын Жандармения жана жээк күзөтү Академиясынын делегациясы Ыкчам башкаруу борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышышты.


Туркия Жандармериясынын делегациясынын негизги курамы – Түркия республикасынын Жандармения жана жээк күзөтү академиясынын командири генерал- лейтенант Нух Көроолу, академиянын студенттер иштери боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Өзжан Мете Өзжан, академиянын стретегиясын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы полковник Хайреттин Күпели, чет тилдерди окутуу бөлүмүнүн башчысы майор Харсан Мерт Йолжу, Академиянын окутуучусу, доктор Күршад Гүч жана Али Йылдырым, Түркия мамлекетининин ИИМдин Кыргызстандагы өкүлү Мустафа Ырмак ИИМдин Окуу жайларынын жана бир катар кызматтары менен таанышышты.
Ички иштер органдарынын ишин санариптештирүүнүн алкагында ведомствонун кызматтарын жаңы техникалык жабдуулар менен жабдылышы боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлгөн.

WhatsApp Image 2022 09 21 at 08.34.10 1 Түркиянын делегациясы Ыкчам башкаруу жана координациялоо борбору менен таанышты


Меймандарга ИИМдин Ыкчам башкаруу жана координациялоо борборуна өзгөчө көңүл бурулуп, ал аркылуу акылдуу камералар онлайн режиминде өлкөнүн бардык райондорунда жана шаарларында эл көп чогулган жерлерде кырдаалды көзөмөлдөп турушат. Жаңы технологиялар милициянын көчмө кабылдамаларынын ишин көзөмөлдөөгө, милициянын аймактык ыйгарым укуктуу кызматкерлеринин төш камераларынан аудио жана видео маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Суюнбек Ниязбеков бүгүнкү күндө Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө заманбап санариптик технологияларды киргизүү артыкчылыктуу багыттары экендигин маалымдады.

WhatsApp Image 2022 09 21 at 08.34.10 2 Түркиянын делегациясы Ыкчам башкаруу жана координациялоо борбору менен таанышты


Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө багытталган заманбап инновациялык технологияларды колдонуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.

WhatsApp Image 2022 09 21 at 08.34.09 Түркиянын делегациясы Ыкчам башкаруу жана координациялоо борбору менен таанышты