Соцтармактарда кайсы бир шаарда чогулуп, ачык маанайда сүрөткө түшкөн жаштардын сүрөтү тарады. Ал сүрөттүн алдында алар Кыргызстандын президентинин Администрациясынын кызматкерлери экени жана Баткенде оор кайгылуу кырдаал учурунда Нью-Йоркто иш сапары мезгилинде көңүл ачып, дүкөндөрдү кыдырып шоппинг кылып жүрүшөт деп жазылган. Ошондой эле, соцтармактардын колдонуучулары алар АКШга президент Садыр Жапаров менен бирге Bombardier деген бизнес учагы менен барышып, бюджеттик каражаттарды коротуп жатышат деп божомолдошту.
Сүрөттө беш мырза жана беш айымды көрүүгө болот.
Bulak.kg сайты бул маалыматты текшерип көрдү.
Google maps сайтынын жардамы жана көрүнүп турган белгилер аркылуу бул сүрөт чындыгында эле АКШдагы Манхэттен районунун борборундагы Times Square аянтында тартылганына ынансак болот.
Сүрөттө кимдер тартылганын карап көрөлү.
Эрнис Ашырбаев, КР президентинин жардамчысы
Соцтармак колдонуучулар сүрөттө Эрнис Ашырбаевди (сүрөттө ортодо) таанышты. Ал президенттин жардамчысы кызматына октябрь окуяларынан кийин дайындалган.
Ашырбаев өзүнүн Facebook баракчасына сын айткандарга карата жообун берди. Ал АКШга өзүнүн каражатына, өз акчасына келгенин айтып, бул мамлекеттик бюджеттен каржыланган иш сапар экенин четке какты. Андан сырткары аны АКШда карындашы достору менен тосуп алганын жана сүрөт ошол маалда тартылганын белгиледи.
Өлкө башчынын басма сөз кызматкери Эрбол Султанбаев журналисттерге маалымат берип, сүрөттө президенттин Администрациясынан Эрнис Ашырбаевден башка эч ким жок экенин айтты.
Бирок, Bulak.kg редакциясы сүрөттөн президенттин офисиндеги дагы бир кызматкерди тапты.
Бообек Салимжанов, КР президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кеңешчиси
Дал ортодо (солдон оңго бешинчи) Бообек Салимжанов турат – КРнын Екатеринбургдагы экс-башкы консулу.
2021-жылдын июнь айында Бишкек шаардык кеңешине “Ата-Журт – Кыргызстан” партиясынан 35-тизмеде талапкер болгон. Депутаттыкка өткөн эмес.
Дал ушул адамды соцтармак колдонуучулары өлкө башчынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин кеңешчиси деп болжошту.
Баатырбек Жантаев, КР президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин жакын адамы
Сүрөттө үчүнчү (солдон оңго) турган Баатырбек Жантаев – өлкө башчынын иш башкаруучусунун дагы бир жакын адамы. Жантаев – Azattyk жана Temirov Live иликтөөлөрүнүн каарманы. Иликтөөчүлөр ал “Сай-Аска” компаниясын жетектей турганын жана убагында “Кыргыз Темир Жолу” мамлекеттик ишканасынын 55 млн сомдук көмүрүн сатып салганын маалымдашкан. Андан соң Жантаев өзү бул мамлекеттик компанияга кызматка отурган. Ишкананын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу бөлүмүн жетектеген.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы финансылык чыр тууралуу иликтөөдө да Жантаевдин ысымы айтылган. Соцтармак колдонуучулары Жантаев Каныбек Туманбаевдин бир жээни экенин билдиришти.
Чын эле шоппинг кылыштыбы?
Сүрөттө көрүнүп тургандай, андагы кыздар АКШнын аутлет-борборлорунда сатылган бренд баштыктарын кармап түшкөн.
Үчүнчү кыздын (оңдон солго) колунда Macy’s брендине таандык жылдыз белгиси бар баштыкты көрүүгү мүмкүн.
Ал эми бешинчи (оңдон солго) кыздын колунан АКШнын GAP ири кийим компаниясына таандык шрифт менен баштыкты байкасак болот.
Жыйынтык: Сүрөттөгү топ шоппинг менен алек болуп, соода борборлорунан дүйнөлүк бренддердин баштыктары менен чыгышкан.
Саатына 6300 евро болгон бизнес-учак
Эске салсак, президент Садыр Жапаров АКШга БУУнун генералдык ассамблеясына катышуу үчүн учуп барган.
Журналисттер аныктап чыккандай, каттамды президенттик ТУ-154 эмес, D-AFAM номурлуу Bombardier Global Express XRS аталган бизнес-джет ишке ашырган. Бул учакты ижарага алуу акысы саатына 6300 еврону түзөт.
Президенттин Администрациясынын сарптоолору өсүп барат
Ошондой эле, президенттин Администрациясы сарптаган каражаттын суммасы жыл санап өсүп баратат. “Ачык бюджет” порталынын маалыматына ылайык, өлкө башчынын администрациясынын бир жылга болгон чыгымы 381,5 млн сомду түздү. План боюнча бул көрсөткүч 4 эсеге аз болушу керек эле.
Өткөн жылкы чыгымдар 258 млн сомду түзсө, 2020-жылы 99,1 млн сом болгон.
Корутунду: Сүрөттө биз президенттин Администрациясынын үч кызматкерин таптык. Алар АКШга кимдин эсебинен учуп барганын аныктоого мүмкүн болгон жок. Бирок, алардын Америка Кошмо Штаттарында жүргөнү өлкө башчынын БУУнун Генералдык ассамблеясына катышууга барган сапары менен дал келгени анык.