
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан Эмомали Рахмонго “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү чечимин жокко чыгарууну суранды.
Мындан тышкары, ал Кара-Дарыя көчөсүнө Мекенди коргоодо баатырларча курман болгон Эламан Ураимовдун ысымын ыйгарууну өтүндү.
Белгилей кетсек, Тажикстандын президентине бул наам 1999-жылы ыйгарылган, анда шаардын мэри Феликс Кулов болчу.
Сыйлык тапшыруу аземине ошол мезгилдеги президент Аскар Акаев катышкан.