Тажик тарап Чоң-Алайдагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы позицияларды аткылап жатат

Кыргызстандын Чек ара кыматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.

Маалым болгондой саат 11:30да кыргызстандык чек арачылар тажик тараптын Достук айылын минометтук аткылоосун баскан. Тажик тарап аткылоону саат 11:15те баштаганы кабарланган.

Андан кийин саат 12:30дан 12:35ке чейин тажик тарап Баткендин Төрт-Көчө аймагындагы  ИИМдин Ички аскерлеринин түзүмдөрүн жана позицияларын аткылоого алган. Азыркы тапта ок атышуу токтоп, окуянын чоо-жайы иликтене баштаган.

«Ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузуп, тажик тарап саат 12:37де миномет жана артилериялык куралдар менен Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылай баштады. Кыргызстанык чек арачылар жооп иретинде ок чыгарды.

Бирок кырдаалдын мындан ары курчуп кетпеши үчүн кыргыз аскер кызматкерлери биринчи болуп бир тараптуу ок атууну токтотту», — деп айтылат маалымата.

Азыркы тарапта эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүү жүргүзөрү күтүлүүдө.