Кадамжайдын жашоочулары качкындарды кабыл алууга даяр

Кадамжайдын жашоочулары качкындарды кабыл алууга даяр. Мындай плакаттарды унаага илип алып алар көчөгө чыгышкан.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.