Тажик тарап ракета колдонууда

Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жапырт аткылоочу ракета системаларын колдонууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Тажикстан тарап оор аскердик техникаларын, жапырт аткылоочу ракета системаларын жана авиацияны колдонууда.

«Кыргызстандын жерлерин басып алууга жол бербөө үчүн чек ара кызматкерлери жер жана абадан болгон бардык кол салуулардын мизин кайтарууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде.