Бактияр Орозов юстиция министринин орун басары болду

Бактияр Орозов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. 13-сентябрда ал командага тааныштырылганын аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бактияр Орозов 1986-жылы туулган. Жогорку юридикалык билими бар. Юридика илимдеринин кандидаты.

Буга чейин Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары, Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеген. Президенттик аппараттын курулуш, транспорт, жол жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы жана Ж.Баласагын атындагы КУУнун «Кылмыш-жаза укугу жана процесс» кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу болуп иштеген.