Жылкыны сүзгөн жол кырсыгында 5 адам каза болду

Ысык-Көл облусунун Балыкчы – Ананьево – Каракол жолунун 196-чакырымында болгон жол кырсыкта 5 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы кечээ, 11-сентябрда болжол менен саат 21:45те болгон.

Маалым болгондой «Фольксваген Пассат» унаасы жолдо бара жатып жылкыны сүзүп, андан кийин карама-каршы тилкеге чыгып кетип, «Субару» жана «Хонда Аккорд» унаалары менен кагылышкан.

Натыйжада «Фольксваген Пассат» унаасынын айдоочусу жана анын эки кызы каза тапкан. Ошондой эле унаадагы келинчеги менен дагы бир кызы ооруканага реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Ошол эле учурда «Хонда Аккорд» унаасында келе жаткан эки адам каза болуп, дагы экөө ооруканага жаткырылган.

«Жол кырсыгынан беш адам каза болуп, төрт киши жаракат алды», — деп билдиришти аталган башкармалыктан.

Учурда аталган окуя Түп райондук милициясында катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча бул жол кырсыкта 42 жаштагы К.Б., 28 жаштагы М.А., 30 жаштагы Д.Ч., 14 жаштагы  өспүрүм (Д. С.) жана 1 жаштагы наристе (К.Н.) каза болгон.

Ошондой эле 36 жаштагы О.Р., 30 жаштагы Б.у.К., 39 жаштагы К.Т. (аял киши) жана 5 жаштагы (К.А.) кыз жабыркаган.

8493292f b974 4f14 b57f ba5ccdc2431c Жылкыны сүзгөн жол кырсыгында 5 адам каза болду