ЖКККБнын кызматкерлери авто ээнбаштык жана мыйзамсыз жарык берүүчү сигналды орнотуп алган айдоочуларды кармады

Бул тууралуу Баткен ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык тармактарда “BMW” жана “Мерседес-бенц” үлгүсүндөгү авто унаанын башкаруучулары Баткен шаарында Нургазиева көчөсүндө башка айдоочуларга тосколдук жаратып, жолду жаап тойго чыккан кортежди өткөргөн видео тасма жарык көргөн.

Бул видео тасма чыгары менен Баткен ОИИБИ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, автоунаалар өз учурунда кармалган.

Бул көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен, Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан айдоочуларга тийиштүү бузуулар жөнүндөгү айып протоколу толтурулуп, айып салуу менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короого киргизилди.

Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызмткерлери айдоочуларга мындай терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырат.

WhatsApp Image 2022 08 30 at 08.44.59 ЖКККБнын кызматкерлери авто ээнбаштык жана мыйзамсыз жарык берүүчү сигналды орнотуп алган айдоочуларды кармады